КӨЗДӨЙ І Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Жакын, ишенимдүү, бирден-бир, кыйышпас, өз. Көздөй адам. Көздөй киши. Булар биздин көздөй досторубуз (Жантөшев).
КӨЗДӨЙ ІІ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Белгилүү бир багытты карай. Данияр жай гана арабасын көздөй басып кетти (Айтматов). Шакир да үйүн көздөй басты (Абдыраманов). Апама айтып баабедин кылып сен үчүн, Жөнөдүм анан айлыңды көздөй чамынып (Өмүров).